• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык бийчилер Дубайда өткөн турнирде биринчи орунду ээлешти

Спорт 0

Бишкек, 17.12.19. /Кабар/. Кыргызстандык бийчилер Дубайда өткөн “WDSF International Open taken place in Dubai-2019” эл аралык бал бий турниринде алтын медаль тагынышты.

Турнир 15-декабрь күнү өтүп, иш-чарага дүйнөнүн 18 өлкөсүнөн келген 43 түгөй катышкан.

Кыргызстандык дуэт Артем Семеренко жана Валерия Качалко “Чоңдор Латина” категориясында чыгып, биринчи орунду багындырышкан.

Пикир

Оставить комментарий