• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандык бийчилер эл аралык мелдеште 23 медаль утушту

Спорт 0

Бишкек, 12.03.20. /Кабар/. Кыргызстандык бийчилер спорттук жана бал бийи боюнча эл аралык "Динамонун чоң байгеси – 2020" мелдешинде 23 медаль утушту. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 7-9-март күндөрү Россиянын Москва шаарында өткөн.

Бий жарышына 14 өлкөдөн 3 миң 37 жуп катышкан. Жарышта кыргызстандык бийчилер 17 алтын, 3 күмүш жана 3 коло байге алышкан.

Пикир

Оставить комментарий