• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык бийчилер Италияда бий боюнча эл аралык мелдеште “коло” алышты

Спорт 0

Бишкек, 11-апрель /Кабар/. Кыргызстандыктар Италияда өткөн спорттук балл бийи боюнча эл аралык мелдеште “коло” утуп алышты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Кыргызстандын бий спорту федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-апрелде Италияда WDSF International Open taken place in Olbia-2017 спорттук, балл бийи боюнча жыл сайын өтүүчү эл аралык мелдеш өттү. Мелдешке 17 өлкөдөн 97 спортчу катышты.

Бул мелдеште кыргыз бийчилери жакшы жыйынтык көрсөтө алышты.

“Чоң-латина категориясында кыргызстандык бийчилер Артем Семеренко менен Валерия Качалко Испания жана Италиялык бийчилерди аркага таштап, 3-орунду алышты”,-деп билдирди федерациядан.

Пикир

Оставить комментарий