• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандык бийчилер Казакстандагы турнирде эң мыкты аталышты

Маданият 0

Бишкек, 20.02.19. /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар Казакстандагы LOVE STORY – 2019 эл аралык турниринде эң мыкты наамына ээ болушту. Бул тууралуу КРнын бий спорту федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, турнир өткөн дем алыш күндөрү Алмата шаарында өттү. Турнирге Өзбекстан, Россия, Казакстан жана Кыргызстандын спортчулары катышкан.

Кыргызстандык Аскат Акылбек уулу жана Кристина Самойлова түгөйлөрү “Жаштар+Улуулар Латина 4 бий (D класс)” категориясында алтын медаль жеңишкен. Ал эми беттештин башка түрүнөн күмүш медалын алышкан.

Ал эми Адилет Төлөмүшов жана Кристина Титунина “Жаштар (ачык класс)” жана “Жаштар+Улуулар стандарт (С классына чейин)” категорияларында өзүнүн аткаруулары менен экинчиликти ээлешкен.

Андан тышкары Кыргыстандын намысын коргогон Дмитрий Блинков жана Асел Мамбетова, Богдан Спесивцев жана Кира Кочергина түгөйлөрү эки күмүш, бир коло медалына ээ болушкан.

Пикир

Оставить комментарий