• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык бийчилер Казакстанда өткөн турнирде 7 медаль утушту

Спорт 0

Бишкек, 21.02.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык бийчилер жай бий боюнча өткөрүлгөн Love Story 2018 эл аралык турниринде жети медаль утушту. Бул тууралуу КР бий спортчу федерациясынан кабарлашты.

Турнир Алмата шаарында 17нен 18-февраль күндөрү өткөн. Ага Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандан спортчулар катышкан.

КР бийчилери ар кандай категорияда бир “алтын”, үч “күмүш”, жана үч “коло” медаль утушкан.

КР бий спортчу федерациясы мелдешке катышкан спортчулардын бардыгына ыраазычылык билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий