• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандык бийчилер Норвегияда өткөн турнирде күмүш медаль утуп келишти

Спорт 0

Бишкек, 19.12.18. /Кабар/. Кыргызстандык бийчилер Норвегияда 9 –декабрда өткөн «WDSF World Open taken place in Lillestrom — Norway-201» турниринде күмүш медаль утушту. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан кабарлашты.

Маалым болгондой, спорттук мелдешке 15 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан.

“Улуу латино” категориясында Кыргызстандан барган Артем Семеренко жана Валерия Качалко калыстар тобун жана көрүүчүлөрдү таң калтырып, экинчиликти ээлешкен.

Федерациядан кабарлагандай, бийчилер турнирдин астында Москвада даярданышкан. Мыкты бийчилер рейтингинде алар 300 өлкөнүн ичинен 24 орунду ээлешет.

“Бул турнир бийчилер үчүн абдан маанилүү. Анткени ал эл аралык деңгээлде рейтингди көтөрөт. Бул жолу биздин бийчилер экинчи орунду ээлешти”, - деп кабарлашты федерациядан.

Пикир

Оставить комментарий