• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандык бийчилер Португалиядагы турнирде өз өнөрлөрүн тартуулашты

Маданият 0

Бишкек, 27.02.19. /Кабар/. Кыргызстандан барган бийчилер Португалиянын Лиссабон шаарында 23-февраль күнү өткөн WDSF World Open-2019 турниринде мыкты аткарышты. Бул тууралуу бий спортунун Федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын намысын коргогон спортчулар дүйнө жүзүнөн барган 62 түгөйлөрдүн ичинен 4-орунду ээлешти.

“Биздин Артем Семеренко жана Валерия Качалко аттуу түгөйлөрүбүз мыкты жыйынтык көрсөтүштү. Алар турнирдин WDSF World Open taken place in Lisbon – Portugal улуулар Латин программасы категориясында чыгышты”, - деп билдиришти ведомстводон.

Аталган турнирде Португалия, Германия, Эстония, Италия, Франция, Россия, Польша, Филиппин, Болгария, Канада жана башка өлкөлөрдөн келген спортчулар ат салышкан.

Пикир

Оставить комментарий