• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандык бийчилер Ригада өткөн турнирде алтын медаль утушту

Спорт 0

Бишкек, 20.12.18./Кабар/. Латвиянын Рига шаарында 14нөн 16-декабрга чейин өткөн бий боюнча "Ваltic Grand Prix - 2018” турниринде Кыргызстандан барган бийчилер алтын медалды багындырышкан. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан кабарлашты.

Турнирге 38 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан.

Кыргызстандын намысын спорт турниринде Александр Шефлер жана Кристина Мельникова коргоп, өнөрлөрү менен калыстар тобун жана көрүүчүлөрдүн жүрөгүн багындырышкан.

Кыргыз бийчилери “Жаштар+Улуулар В+А класс, Латина” категориясында 28 түгөйдү артка калтырып, алтын медалдарды утушкан.

Пикир

Оставить комментарий