• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандык бийчилер Россияда өткөн турнирде 12 медаль утушту, алардын 5-алтын

Спорт 0

Бишкек, 13.04.18. /Кабар/. Кыргызстандык бийчилер Россияда өткөн эл аралык Moscup Grand Prix-2018 бий турниринде 12 медаль утушкан. Бул тууралуу КР аталган спорттун түрү боюнча федерациясынын президенти Сергей Титунин билдирди.

Турнир 7-8-апрель күндөрү Москвада өткөн. Ага 500 жуп түгөй спортчу бийчилер катышкан.

“Турнирдин жыйынтыгы менен КР бий спортчу федерациясынын бийчилери мыкты жыйынтык көрсөтүштү. Биздин спортчулар беш алтын, төрт күмүш, үч коло жана 11 кубок утушту”,-деп билдирди Титунин.

Аладын бардыгы Dance Elite студиясынын тарбиялануучулары.

Пикир

Оставить комментарий