• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандык боксчу Казакстандын президентинин Кубогунда коло медаль тагынды

Спорт 0

Бишкек, 24.07.19. /Кабар/. Кыргызстандык боксчу Арген Кадырбек уулу Казакстандын президентинин Кубогунда коло медаль тагынды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Мелдеш 16-20-июль күндөрү Нур-Султан калаасында өткөн. Ага кыргызстандык 5 спортчу катышкан.

Кыргызстандык спортчулардын ичинен Кадырбек уулу байгелүү орунга илинген. Ал алгачкы эки беттешинде филиппиндик жана өзбекстандык спортчуну уткан. Жарым финалда индиялык спортчуга жеңилип, 3-орунга ээ болгон.

Пикир

Оставить комментарий