• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандык боксчулар Азия биринчилигинде 6 медаль багындырышты

Спорт 0

Бишкек, 24.10.19. /Кабар/. Бокс боюнча өспүрүмдөр арасында өткөн Азия биринчилигинде кыргызстандык спортчулар 6 медаль багындырышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 10-17-октябрда Бириккен Араб Эмираттарынын Эль-Фуджайра шаарында өткөн. Ага Кыргызстандын атынан 12 спортчу катышкан.

Биринчиликтин жыйынтыгында кыргызстандык боксчулар 2 күмүш, 4 коло медаль утушкан.

Күмүш байгени Халит Алиев жана Арген Бактыбеков жеңишти. Коло медалга Сагын Сатыбалды уулу, Даниэль Абдрахманов, Бекбол Мурасбеков жана Кабатай Мукаш уулу татыды.

Пикир

Оставить комментарий