• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык боксчулар Беларустагы мелдеште эки медаль утушту

Спорт 0

Бишкек, 11.03.19. /Кабар/. Кыргызстандык боксчулар Беларустагы мелдеште эки медаль утушту. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш Гомель шаарында 6-9-март күндөрү болуп өткөн. Ага Кыргызстандын атынан жети спортчу катышкан.

Нурадин Рустамбек уулу 69 килограмм салмак чениндеги төрт беттешин тең утуп алтын медаль тагынган. Финалда кыргызстандык спортчу Роберт Гриштейн менен беттешмек. Бирок ал беттешке келбегендиктен жеңиш биздин спортчуга берилген.

Дагы бир спортчубуз Ахмед Усупов (+91) коло медаль жеңген. Жарым финалда ал россиялык Дмитрий Захарьевге утулуп калган.

Пикир

Оставить комментарий