• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык боксчулар эл аралык мелдеште тогуз медаль утуп алышты

Спорт 0

Бишкек, 26.02.19. /Кабар/. Кыргызстандык боксчулар эл аралык мелдеште тогуз медаль утуп алышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Аталган мелдеш Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналып өткөрүлгөн.

Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда өткөн мелдешке Россия, Беларусь, Таиланд, Монголия, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын спортчулары катышкан.

Бул мелдеште кыргызстандык мушкерлер жалпы тогуз медаль уткан - экиден алтын жана күмүш, беш коло.

Маселен Азат Үсөналиев (52 кг) менен Абдурахман Абдурахманов (69 кг) алтын жеңсе, Өмүрбек Бекжигит уулу (75 кг) менен Эркин Адылбек уулу (81 кг) коло медаль тагынган.

Ал эми Мирлан Түркбай уулу (52кг), Сирожиддин Абдуллаев (57 кг), Дмитрий Пучнин (69 кг), Таалайбек Айтбек уулу (75 кг), Алишер Чаткалбеков (81 кг) коло медаль утушкан.

Пикир

Оставить комментарий