• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандык боксчулар Россиядагы эл аралык мелдешке катышат

Спорт 0

Бишкек, 11.12.19. /Кабар/. Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курамасы “Мунай өндүрүүчү өлкөлөрдүн дүйнө кубогу" аталышындагы эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Эл аралык мелдеш 11-14-декабрь күндөрү Россиянын Белоярск шаарында өтөт. Жыл сайын өтүчү мелдешке 10дон ашык өлкөнүн спортчулары катышат.

Мелдеште Кыргызстандын атынан Азат Үсөналиев, Мунарбек Сейитбек уулу, Темирлан Осмонов, Нурсултан Маматалы уулу, Өмүрбек Бекжигит уулу, Эркин Адылбек уулу күч сынашат.

Кыргызстандык боксчулардын жарышка катышуусуна Спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекциясынын бюджетинен 299 миң сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий