• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык боксчулар Түркиядагы эл аралык мелдеште 4 медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 24.03.21. /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар Түркияда өткөн бокс боюнча эл аралык мелдеште 4 медаль багындырышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Таймаш 16-20-март күндөрү Стамбул шаарында өттү.

Азат Усеналиев 52 кг салмактык категорияда алтын медаль тагынды. Ал эми Эсенбек Акылбек уулу (57 кг) күмүш, Эркин Адылбек уулу (81 кг) жана Өмүрбек Бекжигит уулу (75 кг) коло медаль утту.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын атынан 12 спортчу башкы машыктыруу Данияр Жусубалиевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Пикир

Оставить комментарий