• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык боксчулар украиналык мушкерлер менен биргелешкен машыгуу өткөрөт

Спорт 0

Бишкек, 18.01.21. /Кабар/. Бокс боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү украиналык мушкерлер менен биргелешкен машыгуу өткөрүшөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Бокс боюнча дүйнө жана Азия чемпионаттарына даярдануу максатында 15-январдан 5-февралга чейин Киев шаарында (Украина) бокс боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрү биргелешкен окуу-машыгуу жыйынын өткөрүшөт.

Иш-сапарга жөнөтүлгөн спортчулардын тизмеси:

1. Азат Усеналиев – 52 кг, эл аралык даражадагы спорт чебери;
2. Эркин Адылбек уулу – 81 кг, спорт чебери.

Белгилей кетсек, спортчулар Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын эсебинен каржыланды.

Пикир

Оставить комментарий