• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандык үч бильярдчы дүйнө чемпионатына катышат

Спорт 0

Бишкек, 19.02.19. /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар бильярддын "Кураштырма пирамида" түрү боюнча дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Биринчилик 25-февралдан 3-мартка чейин Россиянын Ханты-Мансийск шаарында өтөт.

Мелдешке Россия, Беларусь, Украина, Казакстан, Кыргызстан, Азербайжан, Молдова, Монголия, Финляндия, Армения, Грузия, Литва, Латвия, Эстония, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана башка мамлекеттердин спортчулары катышат.

Аталган мелдешке Кыргызстандын атынан 3 спортчу - Дастан Лепшаков, Ызатбек Ратбеков жана Канат Сыдыков катышат. Команданын башкы машыктыруучусу - Күмүшбек Дүйшөбаев.

Пикир

Оставить комментарий