• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кыргызстандык үч журналист ТҮРКСОЙдун Басма сөз сыйлыгына татыды

ТҮРК КЕҢЕШИ 0

Бишкек, 17.04.19. /Кабар/. Түрк маданияты эл аралык уюму ТҮРКСОЙдун комиссиясы ТҮРКСОЙдун жыл сайын маданиятты мыкты чагылдырган журналисттерге берилүүчү Басма сөз сыйлыгын ыйгаруу боюнча чечим кабыл алды. Бул тууралу КРнын ТҮРКСОЙдогу өкүлү Кожогелди Култегин билдирди.

Анын айтуусу боюнча, ТҮРКСОЙдун Басма сөз сыйлыгына кыргызстандык үч журналист – Кыргыз радиосунун “Алтын казына” борборунун башчысы Жамила Маматова, НТС телеканалынын журналисти Назира Кадыева жана ЭлТР мамлекеттик телерадиокомпаниясынын ElFM радиосунун директору Таштемир Жалиев татыктуу болушкан.

ТҮРКСОЙ сыйлыгын салтанаттуу тапшыруу 20-апрель күнү Ош шаарында “Ош – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” эл аралык долбоорунун ачылыш аземинин алкагында уюштурулат.

Буга чейин ТҮРКСОЙдун басма сөз сыйлыгына Абдиламит Матисаков, Кайрат Иманалиев, Мундузбек Тентимишев, Карбалас Бакиров, Түгөлбай Казаков, Тынчтыкбек Чороев жана башкалар татыктуу болушкан.

Пикир

Оставить комментарий