• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандык даректүү тасма Америкадагы фестивалга катышат

Маданият 0

Бишкек, 09.04.19. /Кабар/. Кыргызстандык кыска метраждуу даректүү тасма Сан-Францискодогу (АКШ) эл аралык кинофестивалга катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Аталган фестиваль 10-23-апрель күндөрү болуп өтөт. Кыргызстандык тасма 14-апрелде көрсөтүлөт.

Фестивалда көрсөтүлө турган "Жылдыздарга карай" аттуу тасманын режиссеру - Айша Султанбекова. Ал эми, тасманын оператору - Караш Жанышов.

Белгилей кетсек, бул фестивалдын жеңүүчүсү "Оскар" сыйлыгынын кыска метраждуу тасмалар сынагында ат салыша алат.

Пикир

Оставить комментарий