• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандык Дастан Абдрахманов бокс боюнча өспүрүмдөр арасында алыскы чыгыштын чемпиону болду

Спорт 0

Бишкек, 28-март /Кабар/. Кыргызстандык Дастан Абдрахманов бокс боюнча өспүрүмдөр арасында алыскы чыгыштын чемпиону болду. Бул тууралуу “Замандаш” ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, 22-25-мартта Түштүк-Сахалинде алыскы чыгыш федералдык округунун бокс боюнча 17-18 жаштагы (1999-2000-жж..) өспүрүмдөр арасында биринчилиги өттү.

Ардактуу мейман катары Сахалин облусунун губернатору, Түштүк Сахалин шаарынын мэри, Сахалин облустук аткаруучу жана мыйзам чыгаруучу бийлик, муниципалдык билим берүү өкүлдөрү, КРнын РФдагы ардактуу консулу катышты.

КРнын РФдагы ардактуу консулу Кадырбек Мырзабаев билдиргендей, мындай мелдештер КМШ спортчуларынын бириктирет. “Ошондой эле, өжөрлүк, чыдамдуулук, жеңишке умтулуу жана атаандашын сыйлоо сыяктуу мушкердик сапаттарын сыноого шарт түзөт”, - деп билдирди К.Мырзабаев.

Пикир

Оставить комментарий