• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандык делегация АКШда дин боюнча семинарга катышты

Коом 0

Бишкек, 10-май /Кабар/. Азирети Муфтий баштаган кыргызстандык делегация АКШ мамлекеттик департаменти тарабынан уюштурулган «Диндер аралык диалог” аттуу семинарына катышты. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары Закир Чотаев жана КРдин Президенттик аппараттын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн эксперти Кубанычбек Абакиров баштаган кыргызстандык делегация үстүбүздөгү жылдын 1-9-майында АКШдагы диний мекемелер аралык тажрыйба алмашуу, диндер аралык диалог, мамлекеттик органдар менен диний уюмдардын өз ара аракеттешүү маселелери, дин жана диний билим берүүнүн эркиндигин камсыз кылуу жаатында бир катар жолугушууларды өткөрүштү. Ошондой эле, семинар, конференцияларга катышышты.

Мындан тышкары, 1-2-май күндөрү кыргызстандык делегация АКШнын мамлекеттик департаменти жана билим берүү министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушуп, АКШнын мамлекеттик башкаруу жана диндер аралык мамилелер системасы, ошондой эле диндер аралык диалог моделдери менен таанышуу максатында уюштурулган семинарга катышышты.

Кыргызстандык делегаттар өлкө аймагындагы диний кырдаал, мамлекеттик концепция жана конфессиялар арасындагы достукту бекемдөө жаатындагы аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат беришип, тажрыйба алмашуу жаатындагы чакырыктарына ыраазычылыктарын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий