• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандык дизайнерлер “Этномода” фестивалына катышат

Маданият 0

Бишкек, 17.10.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык дизайнерлер Санкт-Петербургда өтө турган “Этномода IBEFF” фестивалына катышат. Бул тууралуу фестивалдын расмий сайтында маалымдалат.

Иш-чара 11нен 12-ноябрь күндөрү өтөт. Фестивалдын биринчи бөлүгү этникалык стилдеги кийимдердин топтомуна, экинчи бөлүгү болсо, ready-to-wear коллекциясына бөлүнөт.

Бул жылы фестивалдын алкагында ар кайсы өлкөнүн аймактарынан жана Польша, Кыргызстан, Великобританиянын жаш дизайнерлеринин иштери көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий