• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстандык Дмитрий Новиков жиу-житсу боюнча эл аралык турнирде алтын утту

Спорт 0

Бишкек, 22.10.18. /Кабар/. Кыргызстандык Дмитрий Новиков Тажикстандын борбору Душанбе шаарында 21-октябрда өткөн жиу-житсу боюнча эл аралык турнирде алтын медаль уткан. Бул тууралуу БАЭнин жиу-житсу федерациясынын сайтында кабарланган.

Новиков 69 кг чейинки салмактык категорияда кармашкан. Үч жолу беттешке чыгып, үчөөндө тең атаандаштарын муунту ыкмасы менен жеңген.

Экинчи жана үчүнчү орундарды Тажикстандын спортчулары - Абубакр Назризода жана Комрон Гулмочозода ээлешкен.

Новиков Неваза версиясы боюнча дүйнөнүн чемпиону, жиу-житсу боюнча турнирлердин бир катар жеңүүчүсү.

Пикир

Оставить комментарий