• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандык дзюдо чеберлери Азия чемпионатында 6 медаль багындырышты

Спорт 0

Бишкек, 29.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандын кадеттер жана жаштар арасындагы курама командасы дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатында 6 медалды багындырышты. Бул тууралуу ippon.org. сайты билдирет.

Тайбэй шаарында 27-28-июль күндөрү өткөн мелдеште кыргызстандык спортчулар 2 алтын, 3 күмүш жана 1 коло медаль утушкан.

Байгелүү орунду 55 кг чейинки салмак ченинде Ханболот Ырысбеков жана 60 кг чейинки салмак ченинде Чыңгызхан Сагыналиев жеңишкен.

Күмүш байгени Анарбек Ишенбаев (90 кг чейинки), Ажар Исаева (63 кг чейинки), Шахида Нурмухамедова (70 кг жогорку) алды.

Коло медалды 50 кг чейинки салмак ченинде Муса Шабданбеков утуп алды.

Пикир

Оставить комментарий