• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандык дзюдочу Европа Кубогунан күмүш медаль жеңип келди

Спорт 0

Бишкек, 18.02.19. /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айбек уулу Кубанычбек Россиянын Санкт-Петербург шаарында 16-февраль күнү өткөн Европа Кубогунун биринчилигинде күмүш медалын жеңген. Бул тууралуу Ош шаарынын дене тарбия жана спорт боюнча Комитетинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Айбек уулу Кубанычбек 60 кг чейинки салмак категориясында беттешке чыккан. Ал финалдын 1/16 стадиясынан Дмитрий Курдюмов менен беттешип ийгиликке жетишкен. Андан кийин кыргызстандык спортчу Австралиядан келген Давид Клейбер жана Беларусиядан келген Илья Зайцевдерди артта калтырган. Финалга чыгуу үчүн россиялык Малик Кармов менен беттешип, алдыга чыккан.

Ал эми финалда россиялык спортчу Хетаг Басаев менен беттешип, биринчиликти алдырып койгон. Жыйынтыгында Айбек уулу Кубанычбек экинчи орунду ээлеп, күмүш медалды ээси болгон.

Пикир

Оставить комментарий