• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандык дзюдочу Ислам шериктештиги оюндарынын финалына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 16.08.22. /Кабар/. Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Шахида Нармухамедова Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарынын финалына чыкты.

Ал оюндарга 78 кг салмак категориясында катышууда.

Нармухамедова чейрек финалда Камерундук, ал эми жарым финалда Марокколук спортчуну жеңип алды.

Финалда ал Түркиялык спортчу менен беттешет, оюн Бишкек убактысы боюнча 19:00дө башталат.

Пикир

Оставить комментарий