• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандык дзюдочу кыз Паралимпиада оюндарына лицензия утуп алды

Спорт 0

Бишкек, 14.07.21. /Кабар/. Кыргызстандык дзюдочу Хайитхон Хусан кызы Паралимпиада оюндарына лицензия утуп алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

“Хайитхон өлкөбүздүн намысын Токиодо коргой турган алгачкы көзү азиз кыз. Ийгилик каалайбыз”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Олимпиада оюндары 23-июлдан 8-августка чейин Токиодо өтөт.

Пикир

Оставить комментарий