• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандык дзюдочу кыздар Азия ачык кубогуна катышат

Спорт 0

Бишкек, 12.03.21. /Кабар/. Кыз-келиндер арасында дзюдо боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрү Казакстандагы Турар Жолдыбаевдин элесине арналган Азия ачык кубогуна катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 13-14-март күндөрү Актау шаарында өтөт. Аталган спорттук таймашка 8 өлкөдөн 200дөн ашык спортчу күч сынашат.

Кыргызстандын атынан төмөнкү спортчулар катышат:

1. Жанар Жолдошева, 48 кг;

2. Айсулуу Мусакунова, 48 кг;

3. Сауле Алмазова, 52 кг;

4. Ксения Бельдягина, 57 кг;

5. Адина Кочконбаева, 57 кг;

6. Ажар Исаева, 63 кг;

7. Айжан Кадырбекова, 63 кг;

8. Нагира Сарбашова, 78 кг жогору.

Белгилей кетсек, спортчулар Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан мелдешке жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий