• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргызстандык дзюдочулар Абу-Даби шаарында өтө турган турнирге катышат

Спорт 0

Бишкек, 22.10.19. /Кабар/. Дзюдо боюнча Кыргызстандын курамасы Абу-Даби шаарында өтө турган "Abu Dabi Grand Slam" турнирине катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Мелдеш 24-26-октябрь күндөрү Абу-Даби шаарында өтөт.

Башкы машыктыруучулар Мистрюков Сергей жана Юнусов Абдужалил баштагын беш спортчу мелдешке катышат. Алар Те Артур, Золоев Владимир, Эрлан Шеров, Юрий Краковецкий, Болот Токтогонов баш байге үчүн күч сынашат.

Мелдешке катыша турган спортчуларга Спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекциясынын бюджетинен 635 миң сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий