• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык дзюдочулар Abu Dhabi Grand Slam эл аралык мелдешине катышат

Спорт 0

Бишкек, 22.11.21. /Кабар/. Дзюдо боюнча Кыргызстандын курама командасы БАЭде өтө турган Abu Dhabi Grand Slam эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 24-28-ноябрь күндөрү Абу-Даби шаарында өтөт.

Аталган мелдешке курама команда төмөнкү курамда катышат:

1. Айбек Кубанычбек уулу, 66 кг;

2. Байбол Саламат уулу, 66 кг;

3. Эльтур Турдубаев, 73 кг;

4. Эрлан Шеров, 90 кг;

5. Абдужалил Юнусов.

Белгилей кетсек, курама команданын мүчөлөрү Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш сапарга жөнөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий