• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык дзюдочулар Азия кубогунда тогуз медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 10.04.23. /Кабар/. Кыргызстандын дзюдо боюнча жаштар курама командасы Бекет Махмутовдун жаркын элесине арналган Азия кубогунда тогуз медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 7-9-апрель күндөрү Казакстанда өтүп, ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Моңголия, Гонконг, Греция, Грузия жана АКШдан келген 400дөн ашык спортчу катышты.

Кыргызстандын курамасы 1 алтын, 2 күмүш, 6 коло медаль утту.

78 кг салмак категориясында Шахида Нурмухамедова алтын медаль тагынды. 73 кг салмакта Нурмухаммед Муратов, 57 кг салмата Жанар Жолдошева күмүш медаль тагынышты. -63 кг салмак даражасында Адина Көчкөнбаева, 73 кг салмакта Нурмухаммед Бакирдов, 70 кг салмакта Сауле Алмазова, 78 кг жогорку салмак категориясында Акмаржан Турдажиева, 57 кг салмакта Жанар Жолдошева жана Алина Молдокулова үчүнчү орунду камсыз кылышты.

Пикир

Оставить комментарий