• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кыргызстандык дзюдочулар Азия жана Океания чемпионатына даярдык көрүп жатышат

Спорт 0

Бишкек, 26.03.21. /Кабар/. Кыргызстандык дзюдочулар Азия жана Океания чемпионатына даярдык көрүп жатышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2021-жылга карата окуу-машыгуу жыйындарынын календарлык планына ылайык, ошондой эле Азия жана Океания чемпионатына даярдык көрүү максатында дзюдо боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү (кыз-келиндер жана эркектер) Чолпон-Ата шаарында окуу-машыгуу жыйын өткөрүп жатышат.

2021-жылдын 20-мартында старт алган машыгуу жыйыны 5-апрелге чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий