• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандык дзюдочулар Германияда өтө турган эл аралык турнирге катышат

Спорт 0

Бишкек, 20.02.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандан жети дзюдочу Германияда өтө турган эл аралык “Гран-Слам” Dusseldorf Grand Slam 2018 турнирине катышат.

Турнир 22нен 25-февраль күндөрү Дюссельдорф шаарында өтөт, ага 70 өлкөдөн дээрлик 500 жакын дзюдочу катышат.

Кыргызстандын атынан бара турган спортчулар: Артур Те (66 кг чейин), Бектур Рысманбетов жана Ишен Аманов (73 кг чейин), Эрлан Шеров (81 кг чейин), Фарух Булекулов (100 кг чейин), Болот Токтогонов жана Юрий Краковецкий (100 кг жогору) башкы машыктыруучу Абдужалил Юнусов.

Турнир аяктагандан соң КР спортчулары ошол эле шаарда 26нан 1-мартка чейин окуу-машыгуудан өтүшөт.

Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашкандай, олимпиадалык спорт боюнча дирекция тарабынан 1 миллион 79 миң сом каралган.

Пикир

Оставить комментарий