• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандык дзюдочулар Япониядагы эл аралык мелдешке катышат

Спорт 0

Бишкек, 23.11.22. /Кабар/. Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук курама командасы Японияда өтө турган эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча комитетинен билдиришти.

Спортчулар Япониядагы “Чоң шлем” эл аралык турнирлер сериясында күчүн сынайт. Мелдеш 3-4-декабрь күндөрү Токиодо өтөт.

Курама командасынын тизмеси:
60 кг - Темиркул Бердибеков жана Ханболот Ырысбеков;
73 кг - Ратбек Жуманазаров жана Чыңгызжан Сагыналиев;
81 кг - Асад Масабиров;
90 кг - Эрлан Шеров.

Дзюдо боюнча боюнча улуттук курама команда машыктыруучу Сергей Кладновдун жекечилиги астында мелдешке катышат.

Пикир

Оставить комментарий