• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстандык дзюдочулар Израилдеги эл аралык турнирге катышат

Спорт 0

Бишкек, 04.02.21. /Кабар/. Дзюдо боюнча Кыргызстандын курама командасы Израилдеги "Tel Aviv Grand Slam Israel" аталышындагы эл аралык турнирге катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 18-20-февраль күндөрү Тель-Авив шаарында өтөт.

Аталган мелдешке дзюдо боюнча улуттук курама команданын төмөнкү мүчөлөрү катышат:

1. Кубанычбек Айбек уулу – 60 кг;
2. Отар Бестаев – 60 кг;
3. Артур Те – 66 кг;
4. Владимир Золоев – 81 кг;
5. Эрлан Шеров – 90 кг;
6. Юрий Краковецкий – 100 кг салмактан жогору.

Белгилей кетсек, спортчулар Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш-сапарга жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий