• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандык дзюдочулар Израилдеги эл аралык турнирге катышууда

Спорт 0

Бишкек, 17.02.22. /Кабар/. Кыргызстандык дзюдочулар Израилдеги TEL AVIV GRAND PRIX ISRAEL эл аралык турнирге катышууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинен билдиришти.

Мелдеш 17-19-февралда Тель-Авив шаарында өтүүдө.

Ошондой эле Кыргызстандын курамасы 20-23-февралда аталган шаарда окуу-машыгуу жыйынын өткөрөт.

Курама команданын мүчөлөрү:
1. Кубанычбек Айбек уулу, 60 кг;
2. Асад Масабиров, 81 кг;
3. Адилет Ганиев, 81 кг;
4. Эрлан Шеров, 90 кг.

Пикир

Оставить комментарий