• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандык дзюдочулар Кипрдеги мелдеште үч медаль тагынышты

Спорт 0

Бишкек, 28.01.19. /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар Кипрде өткөн дзюдо боюнча эл аралык мелдеште үч медаль утуп алышты. Бул тууралуу Дзюдо федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, таймашка Кыялбек Жорготаевдин үч баласы чыгып, алар байгелүү орундарга ээ болушкан.

Бекмамат Жорготаев 66 килограммга чейинки салмак ченинде үчүнчү орунду ээлеген. Адис Жорготаев 32 килограммга чейинки салмакта алтын жана 34 килограммга чейин салмак ченинде коло алган. Ошондой эле Жорготаевдердин кичүүсү Абдулазиз да чемпион болгон (20 кг чейин).

Пикир

Оставить комментарий