• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык дзюдочулар Ташкентте Gran Prix 2017 мелдешине катышат

Спорт 0

Бишкек, 05.10.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык дзюдочулар эл аралык Gran Prix 2017 мелдешине катышат. Иш-чара 6нан 8-октябрь күндөрү Өзбекстандын Ташкент шаарында өтөт. Бул тууралуу аталган спорт боюнча улуттук федерациясынан кабарлашты.

Кыргызстандын атынан машыктыруучу Сергей Мистрюковдун жетекчилиги алдында спортулар - Артур Те (66 кг чейин), Бектур Рысмамбетов (73 кг чейин), Шахиер Идрисов (90 кг чейин) Юрий Краковецкий (100 кг жогору) катышат.

Мелдеш 14 салмактык категория боюнча өткөрүлөт: (эркектер: -60 кг, -66 кг, -73 кг, -81 кг, -90 кг, -100 кг, +100 кг; аялдар: -48 кг, -52 кг, -57 кг, -63 кг, -70 кг, -78 кг, +78 кг).

Мелдештин байге фонду 100 миң доллар.

Байге төмөнкү тартип боюнча бөлүнөт: биринчи орун – алтын медаль жана 3 миң доллар (дзюдочу – 2 миң 400, машыктыруучу – 600), экинчи орун- күмүш медаль жана 2 миң доллар (дзюдочу – 1 миң 600, машыктыруучу – 400), эки үчүнчү орун – коло медаль жана ар бирине 1 миң доллардан (дзюдочу – 800, машыктыруучу – 200).

Пикир

Оставить комментарий