• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандык дзюдочулар Ысык-Көлдө окуу-машыгуу жыйын өткөрүшөт

Спорт 0

Бишкек, 28.01.21. /Кабар/. Кыргызстандык дзюдочулар Ысык-Көлдө окуу-машыгуу жыйын өткөрүшөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, Азия чемпионатына даярдык көрүү максатында дзюдо боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Чолпон-Ата шаарында окуу-машыгуу жыйын өткөрүшөт.

Жыйын 2021-жылдын 29-январында старт алып, 16-февралга чейин уланат. Машыгууга 21 балбан барат.

Белгилей кетсек, улуттук курама команданын окуу-машыгуу жыйыны Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланат.

Пикир

Оставить комментарий