• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстандык дзюдочулардын эл аралык мелдештеги атаандаштары белгилүү болду

Спорт 0

Бишкек, 23.01.20. /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар дзюдо боюнча эл аралык мелдешке катышат. Мелдештин сайтында спортчулардын тизмеси жарыяланды.

Таймаш бүгүн, 23-январда Израилдин Тель-Авив шаарында башталат. Кыргызстандан жети спортчу катышат.

Кубанычбек Айбек уулу 60 кг чейинки салмакта япониялык Даи Аоки менен күрөшөт. Артур Те 66 кг чейинки салмакта Гаитиден келген Жерард Кадет менен, Владимир Золоев 81 кг чейинки салмакта Пениамин Перциваль менен, Фарух Булекулов 90 кг чейинки салмакта Конгодон келген Ли Беу менен күч сынашат.

Эртай Төлөсүн уулу 100 кг чейинки салмакта польшалык Олексей Лысенкого каршы чыгат. Ошондой эле 100 кг жогорку салмакта Юрий Краковецкий Вито Драгичага (Словения) каршы жана Бекболот Токтогонов Шакармамад Мирмамадовго (Тажикстан) каршы күрөшөт.

Пикир

Оставить комментарий