• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык Эдгар Бернхардт Бангладештин чемпионатында алгачкы голун киргизди

Спорт 0

Бишкек, 17.02.20. /Кабар/. Футбол боюнча Кыргызстандык улуттук курамасынын жарым коргоочусу Эдгар Бернхардт Бангладештин чемпионатында алгачкы голун киргизди. Бул тууралуу Футбол бирикмесинен билдиришти.

Бернхардт учурда "Абахани Лимитед" клубунда ойнойт.

Бангладештин чемпионатынын биринчи турунда "Абахани Лимитед" менен "Бангладеш Полис" командалары оюн өткөргөн. 16-февралда өткөн беттеш 2:0 эсебинде "Абахани Лимитед" командасынын пайдасына чечилген.

Бернхардт оюндун 89-мүнөтүндө гол киргизгенге жетишкен.

Эскерте кетсек, кыргызстандык футболчу "Абахани Лимитед" командасына малайзиялык "Кедаха" клубунан өткөн.

Пикир

Оставить комментарий