• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык Эдуард Кубатов Эверестти багындырды

Коом 0

Бишкек, 24.05.21. /Кабар/. Кыргызстандын жараны Эдуард Кубатов Эверестти багындырды. Бул тууралуу экспедициянын жетекчиси альпинист Александр Абрамов билдирди.

“Эверес 1” командасы чокуга чыкты. Азыр түшө баштайбыз. Аба ырайы жаман эмес. Шамал болуп жатат, бирок катуу эмес. Рекорд болсо керек - анткени, бул команданын алдында биринчи израилдик жана биринчи кыргыз турган”, - деп жазган Абрамов социалдык тармакка.

Белгилүү болгондой, Кубатов жер шаарынын эң бийик чокусун багындырган алгачкы кыргызстандык болду. Аталган чокуга эң биринчи жолу 1997-жылы Дмитрий Греков чыккан. Кубатов чокуга чыгууну 12-апрелде Непал тараптан баштаган.

Экспедициянын курамында Израиль, Кыргызстан, Малайзия, Россия жана Өзбекстандык альпинисттер болгон.

Пикир

Оставить комментарий