• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандык эки боксчу Россиядагы эл аралык мелдеште жарым финалга чыгышты

Спорт 0

Бишкек, 13.12.19. /Кабар/. Кыргызстандык эки бокс чебери “Мунай өндүрүүчү өлкөлөрдүн дүйнө кубогу" аталышындагы эл аралык мелдешинин жарым финалына чыгышты. Бул тууралуу boxing.ugrasport сайтында айтылат.

Мелдеш Россиянын Белоярск шаарында өтүүдө.

Кечээ, 12-декабрда мелдештин чейрек финалы болуп, кыз жана эркектер арасында үч салмак ченинде 37 беттеш болуп өттү.

Кыргызстандык спортчулардан таймаштын жарым финалына Азат Үсөналиев (52 кг) жана Эркин Адырбек уулу (81 кг) чыгышты.

Пикир

Оставить комментарий