• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык эки гимнаст Грузияда өткөн эл аралык мелдеште алтын медалга ээ болду

Спорт 0

Бишкек, 25.11.22. /Кабар/. Көркөм гимнастика боюнча “Ынтымак” спорт мектебинин окуучулары Аяна Токушева жана Даткайым Жүзүпбекова Грузияда өткөн NEW LOOK International Cup 2022 аталышындагы өспүрүмдөр арасындагы эл аралык мелдеште эки алтын медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мындан сырткары, Аяна Токушова “Мисс Грейс” наамын алды.

Иш-чара 19-23-ноябрь күндөрү Тбилиси шаарында өттү.

Мелдешке 14 мамлекеттен (Кыргызстан, Грузия, Азербайжан, Эстония, Украина, Израил, Өзбекстан, Казакстан, АКШ, БАЭ, Кувейт, Түркия, Армения) келген 600дөн ашык спортчу катышты.

Кыргызстандан жалпы 6 спортчу катышты.

Пикир

Оставить комментарий