• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандык эки спортчу АКШдагы грэпплинг боюнча чемпионатта жеңүүчү аталды

Спорт 0


Бишкек, 07.12.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык Билимбек Алмаматов жана Тынчтык Жунусалиев АКШдагы грэпплинг боюнча American national 2020 чемпионатында жеңүүчү аталды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине спортчу Алмаматов өзү билдирди.

Анын айтымында, мелдеш 6-декабрда Техас штатынын Даллас шаарында өттү.

Билимбек Алмаматов 77 кг салмакта, Тынчтык Жунусалиев 73 кг салмакта катышып, экөө тең биринчиликти багындырышты.

Эскерте кетсек, буга чейин Билимбек Алмаматов жиу-житсу боюнча чемпионатта 2 алтын медаль тагынган.

Пикир

Оставить комментарий