• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кыргызстандык эки спортчу парадзюдо боюнча Азия жана Океания ачык мелдешинде медалга ээ болду

Спорт 0

Бишкек, 03.12.21. /Кабар/. Парадзюдо боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Хаитон Хусан кызы жана Маматибраим Суранов парадзюдо боюнча Азия жана Океания ачык мелдешинде жеңүүчү болушту. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 3-5-декабрь күндөрү Казакстандын Нурсултан шаарында өтүп жатат.

52 кг салмак категорияда Хайитхон Хусан кызы күмүш медаль тагынды. Ал эми эркектер арасында 66 кг салмакта Маматибраим Суранов коло байгенин ээси болду.

Белгилей кетсек, спортчулар башкы машыктыруучу Канат Имияновдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Пикир

Оставить комментарий