• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандык эки тасма Оберхаузендеги эл аралык кинофестивалга катышат

Маданият 0

Бишкек, 20.04.20 /Кабар/. Кыргызстандык эки тасма Германиянын Оберхаузен шаарындагы кыска метраждуу тасмалардын эл аралык кинофестивалына катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Фестиваль 13-18-май күнү ойлайн режимде болуп өтөт. Бирок фестивалда алдын ала пландалган баардык тасмалар көрсөтүлбөйт. Учурда фестивалдын командасы бул жылдын программасынын үстүндө иштеп жатат – анын негизинде 2020-жылы кайсы программалар көрсөтүлөрү, кайсылары келерки жылга калары айтылат.

Учурда сынактык программага Кыргызстандын атынан эки тасма кирген: эл аралык сынакка Айжамал Акчалованын "Абзел" тасмасы жана балдар жана жаштар үчүн тасмалар сынагында Айдана Топчубаеванын "Аяна" тасмасы.

"Фестивалдын командасынын мүчөсү Кристиана Бюхнер эл аралык сынак ойлайн түрдө өтөрүн билдирди. Ал эми Айдана Топчубаеванын "Аяна" тасмасы тандалып алган балдар жана жаштар үчүн тасмалар сынагы 2020-жылдын программасында калары же келерки жылга калтырылары жакында белгилүү болот", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий