• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандык эки жөө күлүк Түркия жана Украинанын ачык чемпионатына катышат

Ден соолук 0

Бишкек, 03.02.21. /Кабар/. Жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрү Мусулман Жоломанов жана Алмаз Эсенжанов Түркия жана Украинанын ачык чемпионатына катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча агенттигинен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, мелдеш 5-6-февралда Стамбул шаарында жана 9-12-февралда Сумы шаарында өтөт.

Спортчулар башкы машыктыруучу Сатыбек Чокаевдин жетекчилиги алдында иш-сапарга жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий