• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандык эки журналист ТҮРКСОЙдун басма сөз боюнча сыйлыгынын лауреаттары аталышты

Маданият 0

Бишкек, 17-март /Кабар/. ТҮРКСОЙдун жыл сайын түрк тилдүү өлкөлөрдүн басма сөз кызматкерлерине ыйгарылуучу басма сөз боюнча сыйлыгынын жаңы лауреаттары аныкталды. Бул тууралуу ТҮРКСОЙдун Кыргызстандагы өкүлү Кожогелди Кулуев билдирди.

Анын айтымында, алардын ичинде Кыргызстандан эки журналист – КТРКнын директорунун орун басары Кайрат Иманалиев жана “ЭлТР” мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын маданият бөлүмүнүн редактору Айбек Асанбек уулу (Айбек Тукуев) бар.

“Сыйлыкты тапшыруу аземи үстүбүздөгү жылдын 21-мартында Түркстан (Казакстан) шаарында өтөт. ТҮРКСОЙ бул шаарды 2017-жылдагы түрк дүйнөсүнүн маданият борбору катары жарыялаган. ТҮРКСОЙдун басма сөз боюнча сыйлыгы 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча берилүүдө”, - деп белгиледи К.Кулуев.

Буга чейин Мундузбек Тентимишев, Карбалас Бакиров, Тынчтыкбек Чороев жана башкалар бул сыйлыктын лауреаттары болушкан.

Пикир

Оставить комментарий