• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык Эмилия Алмазова карате боюнча Дүйнө биринчилигинде алтын байгелүү болду

Спорт 0

Бишкек, 24.07.19. /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Эмилия Алмазова Карате-до шотокан боюнча XIII Дүйнө биринчилигинде алтын медаль утуп алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Мелдеш Чехиянын Градец-Кралове шаарында 19-21-июль күндөрү өткөн. Аталган биринчиликке Кыргызстандан 25 спортчу катышкан.

Эмилия Алмазова "ката" түрүнөн биринчи орунду багынтса, 12 жашка чейинкилер арасында "кумитэ" түрү боюнча күмүш медалды уткан.

Мелдештин жыйынтыгында командалык "кумитэ" түрүнөн улуттук курама 9 байге жеңишкен – бир алтын, бир күмүш жана жети коло. Жалпы командалык эсепте Кыргызстан 52 өлкө арасында 19-орунду ээлеген.

Бельгияга 3:2 эсебинде утулган эркектер командасы 3-орунга жайгашкан. Япония баарынан күчтүү чыккан.

Коло медалды Абдибек Апсатаров, Аскат Абдакимов, Жоомарт Медербек уулу, Бообек Нурматов, Султан Панарбеков, Бекмырза Алыбаев жана Алымбек Нурманов алган.

Пикир

Оставить комментарий